Нью-Йоркто кыргызстандыктар Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды колдоп митингге чыгышты. Нааразылык акциясынын сүрөттөрүн Facebook тармагына активист Тилекмат Куренов жарыялады.
Митингге үч адам чыккан.
Тилекмат Куренов нааразылык акциясы БУУнун Башкы Ассамблеясынын имаратынын алдында өткөнүн билдирди.
«Бүгүн БУУнун Башкы Ассамблеясынын имаратынын алдындагы митингге дүйнөнүн ар тарабынан адамдар чыгышты. Алар Украинадагы согушка каршылыгын билдиришти. Өз өлкөсүндөгү саясий куугунтукка каршы чыккан Иран жарандары да бар. Биз бир гана нааразылык акциясы менен токтобойбуз, кийинки митинг саммиттен кийин Вашингтондо болот. Андан соң Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин имаратынын алдына чыгууну пландап жатабыз», — деди ал.
Эске салсак, 2022-жылы 22-октябрда Кемпер-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн. Ага активисттер, саясатчылар жана парламенттин депутаттары кирген. Ошол эле күнү «Кабар» агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча митинг-жүрүштөрдүн артында кимдер турганы тууралуу маалымат бар экенин билдирген.
23-октябрдан баштап массалык камакка алуулар башталган. Бийлик жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү деген айып менен 27 кишини кармаган. Алардын ичинен 13ү үй камагына чыгарылып, 14ү тергөө абагына киргизилген.
Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Бүткүл дүйнөлүк Кыйноолорго каршы уюм (OMCT), Норвегиянын Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду (HFHR), «Свобода сейчас» (Freedom Now) сыяктуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары камалган саясатчыларды жана активисттерди тез арада бошотууга чакырган.