22:42
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Кыргызстанда экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору түзүлдү

Министрлер кабинети «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборун түзүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча функцияларды аткаруунун сапатын жана натыйжалуулугун, экспорттук потенциалдын өсүшүн жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлдү.

Мекеменин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр белгиленди:

  • Кыргызстандын экспорттук потенциалын стимулдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
  • продукцияны экспорттоону илгерилетүү бөлүгүндө Кыргызстандын эл аралык жана региондор аралык тышкы экономикалык байланыштарын өнүктүрүү;
  • экспортту илгерилетүү жолу менен Кыргызстандын экономикасын диверсификациялоого көмөктөшүү;
  • экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү менен байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктардын, коомдук бирикмелердин, илимий жана башка уюмдардын координацияланышын жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу.

Мындан тышкары, Экономика жана коммерция министрлигине эки ай ичинде экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү мекемесинин түзүлүшүнө байланыштуу уюштуруу-техникалык жана финансылык маселелерди чечүү тапшырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар