19:08
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Кемпир-Абад иши боюнча дагы үч киши үй камагына чыгарылды

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган дагы үч кишинин бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу адвокат Эркин Саданбеков билдирди.

Анын айтымында, соттук отурум Бишкек шаардык сотунда өттү. Анын чечиминин негизинде Али Шабданов, Эрлан Бекчоро уулу жана Акыл Айтбаев үй камагына чыгарылды.

Бул иш боюнча дагы 11 адам камакта.

Эске салсак, 2022-жылы 22-октябрда Кемпер-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн. Ага активисттер, саясатчылар жана парламенттин депутаттары кирген. Ошол эле күнү «Кабар» агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча митинг-жүрүштөрдүн артында кимдер турганы тууралуу маалымат бар экенин билдирген.

23-октябрдан баштап массалык камакка алуулар башталган. Бийлик жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү деген айып менен 27 кишини кармаган. Алардын ичинен 13ү үй камагына чыгарылып, 14ү тергөө абагына киргизилген.

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Бүткүл дүйнөлүк Кыйноолорго каршы уюм (OMCT), Норвегиянын Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду (HFHR), «Свобода сейчас» (Freedom Now) сыяктуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары камалган саясатчыларды жана активисттерди тез арада бошотууга чакырган.

Эң көп окулган жаңылыктар