23:40
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Быйыл Улуу Британияга иштөө үчүн 17 миң кыргызстандык барышы күтүлүүдө

2025-жылы Кыргызстандын 17 миң жараны эмгек максатында Улуу Британияга кетүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана миграция боюнча комитетинин жыйынында КРдин Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Улан Джусупов билдирди.

Анын айтымында, Улуу Британияга барып иштөөнү каалагандардын саны жыл сайын өсүүдө.

«Эгерде 2022-жылы бул өлкөгө 4,5 миң, 2023-жылы 7,5 миң жараныбыз иштөө үчүн кетсе, 2024-жылы бул көрсөткүч 10 миң адамга жеткен», — деп белгиледи Улан Жусупов.

Ал кошумчалагандай, көпчүлүктү Улуу Британиядагы ыңгайлуу иштөө шарттары кызыктырат.

Депутат Алтынбек Кылычбаев Кыргыз Республикасынан келген эмгек мигранттары үчүн квоталардын санын көбөйтүүгө чакырды. «Биз алардын санын кеминде 17 миңге жеткиришибиз керек. Орусиядагы абалды өзүңөр көрүп турасыңар, азыр көбү эмгек миграциясы үчүн жаңы өлкөлөрдү издеп жатышат», — деп кошумчалады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар