09:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Британия ТИМинин санкциялар дирекциясынын өкүлдөрү Бишкекке келди

Улуу Британиянын Тышкы иштер жана өнүктүрүү министрлигинин санкциялар дирекциясынын өкүлдөрүнүн Бишкекке сапары 24-25-январда болот.

Алар Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ), Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигинин, Салык кызматынын, Бажы кызматынын жана Улуттук банктын өкүлдөрү менен жолугушуп, техникалык жардам жана консультация берүү маселесин талкуулашат.

Британ элчилигинин маалыматына караганда, жолугушууда Британиянын Common High Priority тизмесинде жарыяланган санкцияланган товарларга көңүл бурулуп жатканы тууралуу айтылат.

Делегациянын курамында Fieldfisher юридикалык фирмасынын өкүлдөрү да бар. Сапарын британ өкмөтү каржылап жаткан юристтер товар, финансы жана санкцияга, өкмөткө, менчикке байланыштуу маселелер тууралуу тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Бул Улуу Британиянын санкциялар дирекциясынын Кыргызстанга экинчи ирет келиши. Алгачкы жолу былтыр апрелде Бишкекке дирекциянын жетекчиси Дэвид Рид келген.

Британиянын Кыргызстандагы элчиси Ник Боулер сапарды уюштурууга көмөктөшкөнү үчүн кыргыз өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди.

Улуу Британия Европа биримдиги менен катар эле Кыргызстанды Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүшүнө жардам бербөөсүн эскертип келет.

Эң көп окулган жаңылыктар