Президент Садыр Жапаров «Азаттыктын» Кемин районундагы майнинг тууралуу иликтөөсүн сынга алды.
Ал «Кабар» агенттигине берген маегинде «Азаттык өлкө ичинен эч качан жакшылык издебейт. Жалаң жамандык издөө менен алек болушат. Буга бүткүл кыргызстандыктар күбө болдуңар», — деп билдирди.
Өлкө башчысы маселени түшүнбөй, жалган маалыматтарды тараткандан алыс болууга чакырат.
««Толук маалыматын жокпу, ал ишке мурдуңду тыкпа» деген сөз бар. Азаттык көчөдө жүргөн түшүнүгү жок адамдарды сүйлөтө калып эле элдин башын айлантып видеоматериал таратаардан мурда министрден сурап алса болмок. Эми мен толук чечмелеп айтып берейин. Биринчиден текейден арзан эмес, эң кымбат баа менен 1 Квтын 5 сом 04 тыйын менен Кемин районуна майнинг ферма курганга уруксат бергенбиз. Себеби Кемин подстанциясынын күч кубаты жетет. Экинчиден жайдын күнү бизде электр энергия толук жетиштүү. Ал түгүл ашып калат. Эч бир жакка сата албайбыз. Ошондуктан энергетика системасына пайда түшсүн деп, нагрузканы көтөрө алчу участокторго уруксат берип жатабыз», — дейт Садыр Жапаров.
Президенттин айтымында, кышында электр жарыгына тартыштык болсо майнинг ферма үч ай ишин токтотот. Калган тогуз айда иштей берет.
«Энергетика системасына, салык инспекциясына миллиондогон сом таза кирешелерди берет. Мисалы ушул эле Кеминдеги майнинг ферма алты ай убакыттын ичинде 480 миллион сом энергетиктерге, 225 миллион сом салыкка төлөп берди. Бул акчанын баары мамлекеттин, ошол эле элдин пайдасына түштү. Эми бул компания жергиликтүү салык инспекциясына катталды. Мындан ары салыктарды жергиликтүү бюджетке төлөйт. Албетте райондо жылыштар пайда болот», — дейт Садыр Жапаров.
«Азаттык» Кеминдеги «Быстровка» көмөк чордунуна жакын жерде жайгашкан майнинг ферманы аныктап чыккан. Ал бир жылдан бери иштейт жана мамлекеттин энергетикалык системасынан электр жарыгын алып турат. «Соларкоин» майнинг фермасына жогорку кызмат адамдарынын байланышы тууралуу маалыматтарды таап чыккан.