Президенттик администрациянын жетекчиси Дайырбек Орунбеков кечээ Баткен районунун Дача аймагында Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда катталган окуя боюнча маалымат таркатты.
Анын айтымында, кыргыз жараны мас абалда болгон.
«Кыргыз жараны мас болуп, тажик машинасын токтотуп, таш менен уруп салган. Тажиктер машинадан түшө калып биздин жаранды сабап салышкан», — дейт ал.
Ак-Сай айыл аймагынын башчысы Алимбек Сабиров Дайырбек Орунбековдун сөзүн четке какты. Анын айтымында, айыл тургуну мас болгон эмес.
«Биздин жаран аялы менен болчу. Тажик тараптан келе жаткан кортеж эки жакта камерага тартып, кыргызстандыктарга өтүүгө жол бербей келе жаткан. Ортодо чыр чыгып, тажиктер кыргыз жаранын сабап башташкан. Айылда дагы экөө келип, айылдашын коргогонго аракет кылышат. Эми тараптар жолду бөлө албай чатак чыккан. Мен айыл тургундары менен жолуктум. Баары соо болчу», — дейт Алимбек Сабиров.
Ак-Сай айылынын тургундары ар кандай жаракат менен кечээ ооруканага жеткирилген.
УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматында дагы Ак-Сай айылынын тургуну айдап бара жаткан унааны тажик жарандары тоскондугу айтылат.
Учурда Баткен районунда ахыбал тынч.