15:40
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Украинадагы конфликт. Күндүн маанилүү маалыматтары

Украинада аскердик аракеттер уланууда. Россиянын атайын операциясы 2022-жылдын 24-февралында башталган. Күн өткөн сайын өмүрү кыйылган аскерлер менен бирге жай тургундардын саны өсүүдө. Бир катар өлкөлөр Россияга каршы санкцияларды киргизди.

24.kg кырдаалга көз салууну улантууда. Биз Украинага байланыштуу 4-августка карата эң актуалдуу маалыматтарды топтодук.

Аскердик аракеттер*

Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы:

  • Харьков облусунун Золочева районунда чет өлкөлүк жалданма аскерлер топтолгон жер аткыланды. «Германия жана Польшадан» келген жүздөн ашуун аскер өлтүрүлүп, 50дөн ашууну жаракат алды.
  • Херсон облусундагы Белогорка жана Лозов районунда Украинанын 63-бригадасынын «160тан ашуун улутчулу» жок кылынды.
  • ДНРдын Угледар, Водяной жана Добровольеде 53-механикалаштырылган жана 63- жѳѳ бригадасынын «260тан ашуун улутчулу» өлтүрүлдү.
  • Украинанын үч пилотсуз учакы атып түшүрүлүп, эки реактивдүү ок-дары алынды.

Шаар-айылдарды аткылоо

— Сутка ичинде украиналык аскерлер ДНР аймагын 65 жолу аткылады, 365 ок-дары атты. Бул тууралуу республиканын өкмөту билдирди. Натыйжада Донбасстагы 56 үй жабыркады.

— Днепропетровск облусунун Синельниковский жана Никопольский райондору аткыланды. Бул тууралуу Telegram-каналында аймактык администраци жетекчиси Валентин Резниченко билдирди. Никопольский районуту «Град» менен аткылашты. Никополго 20 реактивдүү ок атылды. Кампа, цех жана административдик имараттар талкаланды.

— Николаев шаары кайтадан аткыланды. Шаардаеы окуу жа лары жана мейманканалар талкаланды. Каза болгондор жана жабыркагандар жок деп билдирет облусттун администрациясы.

Вашингтондогу Согушту изилдөө институтунун(ISW) маалыматы:

Уюм россиялык аскерлердин алты тобун бөлү чыгарды:

  1. Харьков облусунун түндүк-чыгышы: «эң аз дегенде» Батыш аскер аймагынын аскерлери. Ири басып алуу үчүн аскер жетишпейт.
  2. Изюм — Славянск: негизинен «ыктыярчы» батальондор, Чыгыш аскер аймагынын айтыр бөлүктөрү. Ыктыярчылар начар окутулуп, штаттык санга жетпейт, россиялык аскерлер үчүн алар маанилүү эмес.
  3. Северск — Лисичанск: Ѳзүн республика жарыялагандын борбордк аскер аймагы. Россиялык аскрлер аймакта жарыялаган «ыкчам пауза» аяктапы, аскерлер басып алуу аракеттерин жандандырды.
  4. Бахмут: Вагнер ЧВКсы, Батыш аскер аймагынын айрым бөлүктөрү жана ЛНР. «Вагнер» аскрлери Углегорск ГЭСин жакында болгон басып алуулардын көбүнө катышкан.
  5. Авдеевка — Донецк: ДНР бөлүктөрү.
  6. Түштүк: бирдиктүү эмес топ. Башында россиялык аскерлеринин негизин Түштүк аскерлери түптөгөн. Украиналык чабуулдарды күтүп жатып, бул жерге Чыгыш аймагы, ВДВ жана Росгвардияны жолдошкон.

Крым көпүрөсүнө чабуул

Украина Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес менен Натонун июндагы саммитинде Крым көпүрөсүн жок кылуу тууралуу сурад. Бл жөнүндө Telegram-каналында Рада депутаты Алексей Гончаренко жазып чыкты дейт РИА Новости. Маалыматка сүйлөшүүлөрдүн сүрөтү тиркелип, жолугушууга коргоо министри гана катышпастан, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон да катышты.

Запорожский АЭСине байланыштуу маалымат

Украина аскерлери аткылаган Запорожский АЭСинде тынч тартибин жарыялоо керек, деп жазат РИА Новости, аймак администрациясынын кеңеш мүчөсү Владимир Рогов.

«БУУ жана Еврокеңеш жетекчилиги демилитаризация жөнүндө айтпастан, АЭСти аткылоо үчүн катуу санкцияларын киргизүү керек. Ошондо дүйнөгө ядерлик катастрофа жаратуучу АЭСти аткылоону токтотуп, украиналык улутчулар эсине келтирмек», — дейт Владимир Рогов.

БУУдагы Россиянын өкүлу Василий Небензя АЭСти демилитаризацияласа, станция алсызданып, террористер жеткиликтүү болуп калат деген.

Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү

Израиль Россия менен Украина ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчу болууга даяр. Бул тууралуу израилдик ТИМдин өкүлү Алон Лави билдирди. Айтымында, Россия менен Израиль «чынчыл баарлашууну» сактап келүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар