Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттин аны иштен алуу боюнча сунушуна пикирин билдирди.
Эдил Байсалов анын Жогорку Кеңеш боюнча билдирүүсүн айрым медиа өзгөртүп жибергенин айтат.
«Мен парламентти цирк деген эмесмин. Баары жакшы, баары сонун биз өлкөнүн өнүгүүсү үчүн иштеп жатабыз. Баары Конституцияга шайкеш болушу шарт. Биз баарыбыз президенттин айланасына чогулуп иштешибиз керек. Бул жерде эч кандай жеке кызыкчылык жок. Мен башкалардан келесоо эмесмин, ар бир депутаттын тилин табам. Бирок, кечиресиздер, биз белек бергени келген жокпуз», — дейт ал.