Кыргызстанда үй-бүлөлүк түгөйлөрдүн 40 пайызында тукумсуздук менен байланышкан көйгөйлөрү бар. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Репродуктивдүү ден соолук альянсынын директору Галина Чиркина билдирди.
Анын айтымында, айрым үй-бүлөлөр үчүн суррогат эненин кызматын колдонуу - бул ата-эне болуунун жалгыз гана жолу.
«Бул андай кызматты көрсөткөн аялдын дагы, түгөйлөрдүн дагы ойлонуп барган тандоосу. Көпчүлүк өлкөдө бул мыйзам менен бекитилип, эки тараптын тең укуктары көрсөтүлгөн. Анын жыйынтыгында адамдар балалуу болуп, бактылуу жашай алышат", - дейт Галина Чиркина.