01:22
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Асман» шаарын курууга катышкан ишкерлерге ири жер тилкелери берилет

«Асман» шаарын курууга каралган жерден инвесторлорго чоң-чоң жер тилкелери бөлүнөт, аларга мамлекет тарабынан 100 пайыз кепилдик берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө курула турган шаардын пайдалубалынын орнотуунун башталуу аземинде билдирди.

Президенттин айтымында, долбоорго акчасын салган инвесторлорду мамлекет өзгөчө коргоого алат.

«Асман акылдуу шаарын курууга катышам деген башка дагы инвесторлор болсо, азыр дагы кучак жайып тосуп алууга даярбыз. Келгиле, биздин уникалдуу долбоорубузга катышкыла, кыялыбызды ишке ашырып, акылдуу шаар куралы. Акылдуу шаарыбыз эл жашаган конуш-жай же жумуш орундары эле эмес, инновациянын, экологиялык туруктуулуктун жана социалдык өнүгүүнүн символу болсун. Башкаларга мындай жаратман иштер боюнча үлгү бололу», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар