16:47
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Чек арада каза болгон Мамасалы Каратаевдин үй-бүлөсүнө унаа берилди

2021-жылдын апрель-май айларында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяда тажик аскерлеринин огунан курман болгон Мамасалы Каратаевдин үй-бүлөсүнө Садыр Жапаровдун атынан унаа берилди. Бул тууралуу Баткен облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Алардын айтымында, унааны президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев тапшырды.

Маркумдун уулу буга чейин атасынын унаасын калыбына келтирип, айдагысы келгендиги боюнча кайрылуу жасаган. Өлкө башчы маркумдун уулунун кайрылуусун угуп, анын үй- бүлөсүнө унаа тартуулаган.

Көк-Таш айылынын 44 жаштагы тургуну, марку Мамасали Каратаев «Головной» суу тосмосундагы кагылушуу учурунда жаракат алган үч аскерди ооруканага жеткирүү үчүн чыгып баратып каза болгон. Анда анын унаасы дагы талкаланган. Артында алты баласы калды. Үй-бүлөсү учурда «Мадина» шаарчасында жашайт.

Эң көп окулган жаңылыктар