Ростов-на-Дону шаарында украиналык «Азов» полкунун мурдагы 24 мүчөсүнүн соту башталды. Бул тууралуу «Коммерсантъ» басылмасы жазды.
Аларга Орусияда «Азов» деп таанылган террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө катышкан, ошондой эле «Донецк элдик республикасы» деп аталган аймакта бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айыптар тагылууда. Орус басылмалары алардын көбү былтыр жазда Мариуполдо колго түшкөнүн жана айрымдары күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алганын маалымдоодо.
Айыпталгандардын арасында тогуз аял бар экени, алардын төртөө Азовдо ашпозчу, дагы бирөө полктун азык-түлүк кампасынын башчысы болуп иштегени айтылууда. Аялдар «террордук ишмердүүлүк» менен алектенбегенин айтып, сурак учурунда үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылышты. Алардын айрымдары үйдө жаш балдары күтүп жатканын белгилешти. Бирок сот бардык айыпталуучулардын камактагы мөөнөтүн 29-сентябрга чейин узартты.
«Азов» полку ыктыярдуу түзүлүш катары 2014-жылы негизделген жана анын башында оңчул активисттер турган. 2015-жылы АКШ Конгресси неонацисттер менен байланышы бар деген жүйө менен ага аскерий жардам көрсөтүүгө тыюу салган. Азыр «Азов» Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Анын жоокерлери 2022-жылдын жазында Мариуполь шаарын коргоого активдүү катышып, жүздөгөнү өлүп, миңдегени орус тарапка колго түшкөн.
Орусиянын Жогорку соту полкту террордук уюм деп таанып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

