11:27
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

WSJ: Кытай АКШга байкоо салуу үчүн Кубада жашыруун база ачат

Кытай Кубада АКШга байкоо салууга мүмкүндүк бере турган жашыруун база ачат. Бул тууралуу The Wall Street Journal (WSJ) басылмасы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, Бээжин мындай объектисин Кубага жайгаштыруу үчүн Гаванага бир нече миллиард доллар берет. База радиолокациялык чалгын менен алектенип, түрдүү байланыш каналдары, анын ичинде спутник аркылуу жүргүзүлгөн жазышууларды окуп, сүйлөшүүлөрдү угууга ылайыкташат.

Булактын айтымында, кытай объектиси АКШнын Флорида штатынан 160 чакырым алыстыкта жайгашып, ал жактагы америкалык аскердик базаларга жана кемелердин жүрүүсүнө байкоо салууга болот.

«Кубада Кытайдын аскердик объектисинин пайда болуу ыктымалдыгы Ак үйдө тынчсызданууну жаратты. Вашингтон Бээжинди эң башкы экономикалык жана аскердик атаандашы деп эсептейт. Ошондуктан Кытайдын алдыңкы аскердик жана чалгындоо мүмкүнчүлүктөрүнө ээ базасынын АКШга жакын жайгашуусу — буга чейин эч болбогон чоң коркунуч болушу мүмкүн», — деп билдирген The Wall Street Journal’дын маектеши.

Ал бул боюнча мындан башка кеңири маалымат берүүдөн баш тарткан. Кытай менен Кубанын АКШдагы элчиликтери да бул билдирүү боюнча эч кандай комментарий беришкен жок.

Эң көп окулган жаңылыктар