14:11
USD 87.45
EUR 102.63
RUB 1.09

Жогорку Кеңештин 30 депутаты атайын чакыруу менен Америкага барат

Жогорку Кеңештин 30 депутаты атайын чакыруу менен Америкага барат. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине «Ынтымак» фракциясынан ырасташты.

Фракциянын депутаты Балбак Түлөбаевдин айтымында, депутаттарды NDI уюму чакырды. Алар үй-бүлөсү менен жөнөп жатышат. 

Марлен Маматалиев Балбак Түлөбаевдин айтканын четке какты. Фракция эч бир эл аралык уюмдан чакыруу алган эмес.

«Биз баарыбыз визага азыр бергенбиз. Бирок эч кандай чакыруу жок. Июндун аягына эч кандай долбоор дагы жок. Бар долбоор дагы эмки жылга каралат», — дейт Марлен Маматалиев.

Марлен Маматалиевдин айтымында, визага 30 депутат арыз жолдогон.

«Биз туристтик виза алабыз. Эгер алып калсак, АКШдагы мекендештер менен жолугуп, жеке үй-бүлөлүк иш сапар болот», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар