11:56
USD 87.45
EUR 102.63
RUB 1.09

Равшан Жээнбеков 13 жашар кызынын энесин абактан бошотууну талап кылды

Камакта олтурган саясатчы Равшан Жээнбеков УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.
 
Ал Балдарды коргоо күнүндө анын 13 жашар кызы жалгыз калганын белгилейт.
 
«Кечээ сиздин түздөн-түз буйругуңуз менен кыргыздын бир 13 жашар кызын сиз энесиз жана кароосуз талаада калтырдыңыз. Талаада калды. Себеби ал кыздын атасын 8 ай мурун каматкансыз.
Мамлекет, бийлик өзгөчө балдарга гумандуулукту, сүйүүнү, боорукерликти көрсөтөт. Сиз бийликтин зөөкүрлүгүн 13 жашар кызым Айжанга көрсөттүңүз», — дейт ал.
 
Равшан Жээнбеков анын үй-бүлө мүчөлөрүнө тийбей, өзү менен күрөшүүгө чакырат.
 
Белгилей кетсек, Равшан Жээнбековдун аялы Салкынай Алимбаевага каршы иш козголуп, эки айга камалды. 
Эң көп окулган жаңылыктар