03:05
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

«Жаңы Ташкенттин» курулушу үчүн 19,7 миң гектар жер тилкеси бөлүндү

«Жаңы Ташкент» долбоорун ишке ашыруу үчүн Ташкент облусунун эки районунан 19,7 миң гектар жер тилкеси бөлүндү. Бул тууралуу облустук акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, бул аянттын дээрлик 13 миң гектары айыл чарба багытындагы, 6,8 миң гектары башка категориядагы жерлер болуп эсептелет. Бул жерлерди жалпысынан 772 киши колдонуп келген. Айыл чарба жерлери 242 фермердик чарбага, 49 көмөкчү чарбаларга жана күнөсканаларга тиешелүү болгон.

«Жаңы Ташкентти» курууну өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 2021-жылы августта сунуштаган. Быйыл 18-мартта мамлекет башчысы борбор шаардын чыгыш тарабындагы Чирчик жана Карасу дарыяларынын ортосундагы жерге «Жаңы Ташкент» долбоорунун биринчи ташын койгон. Президент бул жерге акырындык менен мамлекеттик мекемелер көчүп, азыркы Ташкент шаары «жашыл аймакка» айланарын айткан.

Жаңы долбоордун алкагында 20 миң гектар жерге 1 миллион кишиге ылайыкташкан көп батирлүү үйлөр, 30 мектеп, 20 бала бакча, оорукана жана беш бейтапкана курулат.