16:52
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

«Ак Ордо» жаңы конушунда магистралдык канализациялык түйүндүн курулушу башталды

Бишкек шаарындагы «Ак Ордо» жаңы конушунда магистралдык канализациялык түйүндүн курулушу башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, борбордук канализацияга Долон-Бий, Каркыра, Тагай-Бий, Ахунбаев жана Өмүр көчөлөрүндөгү 3 миң 989 үй туташтырылат. Түйүндүн узундугу 8,7 чакырым.

Курулуш иштерин «НАК-СТРОЙ» компаниясы жүргүзөт. Иш ушул жылдын 30-ноябрында аяктайт.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума