15:29
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Мобилдик топтор жаңы конуштарда техпаспортторду тарата баштады

Жаңы конуштардагы жер тилкелеринин документтерин шайкеш келтирүү максатында мобилдик топтор 2021-жылдын 7-декабрынан тарта иштей баштада. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет

Көчмө топтор техникалык паспортторду даярдоо үчүн өз билемдик менен турак жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүшөт.

Мобилдик топтордун чыгуу графиги Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында жайгаштырылат. Техникалык паспортту даярдоо мыйзамдаштырууга укук бербейт, ал кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды гана камтыйт. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

Эске салсак, министрлер кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294 техникалык паспорттордун маселесине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому коомдук талкуудан өткөн.

Алгачкы кыймылсыз мүлктү изилдөө боюнча кайрылуу үчүн документтердин тизмеси:

  • Өздүк күбөлүк (ID карта, түп нускасы жана көчүрмөсү);
  • Кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн чектеш кошуналардан алынган тил каттар;
  • Кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан же МТУнун төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн жашагандыгы жөнүндө жана үй-бүлөнүн сандык курамынан маалымат кат.
Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума