17:19
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Бишкек шаарынын 12 жаңы конушу электр подстанциялары менен камсыздалат

Үстүбүздөгү жылы Бишкек шаарынын 12 жаңы конушу электр подстанциялары менен камсыздалат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жумуштарга шаардык бюджеттен 60 миллион сом каралган.

Туруктуу электр жарыгы «Ак-Босого», «Калыс-Ордо», «Ак-Өргө», «Ак-Ордо», «Ак-Бата», «Эне-Сай», «Дордой», «Ак-Тилек», «Каинды», «Рухий-Мурас», «Мурас-Ордо» жана «Учкун» жаңы конуштарына берилет.

«Жалпы жонунанан бул иштерге 35 трансформатордык станция орнотулуп, отуз беш миң метр электр зымдары тартылганы турат. Бардык объектилер боюнча документтер даярдалып, тендерлер жарыяланды», -деп айтылат маалыматта.

Учурда «Калыс-Ордо», «Рухий-Мурас», «Учкун» жана «Кайнды» жаңы конуштарында зым тартуу иштери жүрүүдө. Ошондой эле «Мурас-Ордо» жаңы конушунда трансформатордук подстанция курулуп, сегиз километрден ашык жогорку чыңылуудагы зымдар тартылат.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума