07:56
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Депутаттар жаңы конуштарды газдаштыруу үчүн элге субсидия берүүнү сунуштайт

«Альянс» фракциясы жаңы конуштарды газдаштыруу үчүн элге субсидия берүүнү сунуштайт. Бул тууралуу бүгүн «Ак-Ордо ТЭЦ-2» конушунда эл менен жолугушууда айтылды.
 
Эл өкүлдөрү соңку жылдары борборду каптаган ыш маселеси олуттуу көйгөйгө айланганын белгилешип, аны чечүү аракеттери жыл бою токтобошу керектигин билдиришти.
 
«Ал үчүн конуштардын тургундарына газга туташуу чыгымын жаба турган өлчөмдө субсидия берүү зарыл. Биз муну Министрлер Кабинетине сунуштайбыз. Экология, саламаттыкты сактоо тармагына алынып жаткан гранттардын бир бөлүгү ушул багытка жумшалышы зарыл», — деп билдирди фракция лидери, депутат Жанар Акаев.
 
Жолугушууда конуш тургундары фракция депутаттарына бир нече социалдык көйгөйлөр менен да кайрылышты.