13:24
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жанар Акаев: Боршайком акылга сыйбас иш жасады

Жанар Акаев facebook баракчасы аркылуу Боршайкомдун чечими боюнча билдирүү жасады.
 
Анда ал шайлоо комиссиясынын «Альянс» партиясына бериле турган мандаттарды бөлүштүрүүдө жобону бузгандыгын белгилейт.
 
«Жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин, бир адамга карата атайын эрежени өзгөртүү эч бир логикага сыйбайт жана жеткен коркоктук! БШКнын эрежени шайлоодон кийин өзгөрткөн чечими менде эле эмес, элдин баарында күмөн ой жаратты. Мындай адилетсиз буйрукту аткарган БШК мүчөлөрү жана буйрук бергендер силердин уятыңарда болсун!», — дейт ал.
 
Жанар Акаевдин айтымында, ага Токтобүбү Оргалча күнөөлүү эмес.
 
«БШКнын шайлоого чейин кабыл алган жобосунда, партия 7 мандат алса, экөө аял болот деп так жазылган. Мыйзамды жөнгө салчу эрежени 13-декабрда БШКнын жетекчилиги түнкүсүн мүчөлөрүн чогултуп, басым кылганына карабастан мүчөлөрү каршы болуп, токтомду өзгөртүү сунушу өтпөй калган. Аны менен тынчыган жок. Кайра добушка коюп жатып эптеп өткөрдү, бир гана Альянска, анын ичинен мага гана тиешелүү маселени БШК атайын өзгөрттү. Адамга карата да эреже жазылабы, тообо! Шайлоо бүтүп, кимдер өткөнү жарыя болгондон кийин да токтомду өзгөрткөнү акылга сыйгыс көрүнүш.
Мунун баарына жакынкы тарых баасын берет буюрса. Акыйкаттык азыр чыкпаса, кийин чыгат.
Мен жаңы саясий маданиятты калыптандырууну каалаган саясатчылардын биримин. Гендердик баланс, аялдардын квотасы үчүн күрөшүп, азыркы мыйзамдарды колдогом», — дейт Жанар Акаев.