12:56
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жарандык активист Мелис Аспеков бошотулду

Опузалоого жана алдамчылык айыбы менен соттолгон Мелис Аспеков абактан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты24.kg агенттигине Жаза аткаруу кызматынан ырасташты.

Маалыматка караганда, Мелис Аспеков президент Садыр Жапаровдун мунапысы менен бошотулду.

Мелис Аспековдун жаза өтөө мөөнөтү 2021-жылдын 19-январда күчүнө кирген. Ал 2027-жылы бошотулушу керек болчу.

Мелис Аспеков 2020-жылы октябрь окуяларында Садыр Жапаровдун жанында жүргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар