20:55
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Статистика. Кыргызстандын жарандыгын 1 миң 373 киши кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 6 Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

4 Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын жарандыгына 1 миң 373 адам кабыл алынат (анын ичинен 1 миң 178 — чоң адамдар жана 195 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

2 Жарлыкка ылайык, 638 адам (анын ичинен 532 — чоң адамдар жана 106 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат.

Эң көп окулган жаңылыктар