18:27
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бадахшандык активисттер тажик бийлигине бир нече талап койду

Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы жарандык коом өкүлдөрү тажик бийлигине бир нече талап коюп, алар аткарылмайынча ыкчам-тергөө тобу менен кызматташпай тургандыктарын билдиришүүдө.

18-январда активисттердин талаптары жазылган кайрылуу тергөө тобунун башчысы Мансур Хакимзадага тапшырылган. Анда алар былтыр 25-28-ноябрь күндөрү болгон аймактагы окуялар боюнча бир тараптуу тергөөнү токтотууну талап кылышкан. «Тергөө жөнөкөй жарандарга карата гана жүрүүдө. Рошткалы районундагы үч адамдын өлүмүнө жана 17 кишинин октон жаракат алышына күнөөсү барларга карата тергөө такыр жүргөн жок» деп жазылган билдирүүдө.

Жарандык активисттер мындан тышкары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аймактык башкармалыгынын жетекчисин кызматтан алууну, митинг учурунда жарандарга каршы курал колдонгон күч түзүм кызматкерлеринин болжолдуу камакка алынышын жана Хорог шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисине жалган көрсөтмө бергени үчүн кылмыш ишин козгоону талап кылышкан.

Бул талаптар жазылган катка автоном облустагы 13 активист кол койгон.

Азырынча бийлик активисттердин бул талаптары боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Хорогдогу окуяларды иликтөө боюнча ыкчам-тергөө тобу былтыр 9-декабрда президент Эмомали Рахмондун тапшырмасы менен түзүлгөн. Анын курамына укук коргоо органдарынын 20 кызматкери жана жергиликтүү жарандык коомдун алты өкүлү кирген.

2021-жылы 25-ноябрда тажик күч түзүмдөрү Тоолуу Бадахшан облусунун Шохдар айылында атайын операция жүргүзүп, анда жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбеков жок кылынган. Андан кийин жүздөгөн адам Хорог шаарындагы облустук администрациянын имаратынын алдына чогулуп, Зиёбековду өлтүргөн күч кызматкерлерин жазалоону талап кылышкан. 28-ноябрда бийлик жергиликтүү тургундун өлүмү боюнча объективдүү тергөө жүргүзүүнү, митингге чыккандарды куугунтуктабоону жана аймакка кайра интернет берүүнү убадалагандан кийин акция катышуучулары тараган.

Эң көп окулган жаңылыктар