14:17
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жалпы жарандык биометрикалык паспорттун бетине «Манас» эпосунун үзүндү жазылды

Жалпы жарандык биометрикалык паспортто «Манас» эпосунун саптары камтылган. Бул тууралуу маалымат жыйында «Инфоком» ишканасынын башкы адиси Захид Абдыкаимов билдирди.

Анын айтымында, жаңы үлгүдөгү паспорт Бишкектеги Тарых музейи, «Манас» эстелиги, «Сулайман-Тоо», Айгүл гүлү, Токтогул ГЭСи, «Таш-Рабат», «Манас» күмбөзү, «Бурана», Ысык-Көл көлү, Теңир-Тоосу жана өлкөдөгү сейрек кездешкен жаныбарларды камтыйт.

«Паспорттун беттеринин биринде «Манас» эпосунун саптары орун алган. Аны ультра кызгылт көк түс аркылуу окуса болот», — дейт ал.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын январь айында АКШнын президенти Дональд Трамп кыргызстандыктардын АКШга кирүүсүнө чектөө койгон.

Эң көп окулган жаңылыктар