12:52
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстандын жарандыгынан 929 киши чыгарылды

Кыргызстандын жарандыгына 976 адам кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Кыргызстандын жарандыгын алгандардын ичинен 821и чоң кишилер, калган 155и жаш балдар. Маалым болгондой, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Ошондой эле 929 киши (анын ичинен 722си чоңдор, калганы балдар) Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби