Бишкек мэриясынын вице-мэри Нурдан Орунтаев «Батуми» кафесинин чыгымын төлөп берет. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, кафени бузууда 3 миллион сомдук зыян келтирилген. Вице-мэр аны төлөп берүүнү өз мойнуна алды.
Вице-мэр менен УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев жолугушуп, Орунтаевге мындан ары жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузган мыйзамсыз аракеттерге жол берилбөөнү эскертти.