08:20
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Мигранттардын балдары үчүн жайкы лагерге 55 жолдомо бөлүнөт

Мигранттардын балдары үчүн жайкы лагерге 55 жолдомо бөлүнөт. Бул тууралуу эмгек министринин орун басары Нурдоолот Базарбаев Жогорку Кеңеште өткөн миграция кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан Ысык-Көлдөгү лагерлерге 550 жолдомо бар.

Анын 10 пайызы мигранттардын балдарына, дагы 10 пайызы Баткенде каза болгон жана жабыр тарткан үй-бүлөнүн балдарына, калганы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет.