17:36
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажик бийлиги аз камсыз үй-бүлөлөргө акчалай колдоо көрсөтө баштады

Быйыл ноябрдан тарта Тажикстандагы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн ар бир мүчөсүнө 100 сомониден (10 доллардан ашык) берилет.

Мамлекеттин социалдык жардамы чейрек сайын берилип турат. Евробиримдиктин жана башка донорлордун сунушу менен бул үчүн өлкө бюджетине 80 млн сомони бөлүнгөн.
Өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү үчүн буга окшогон мамлекеттик колдоолор буга чейин дагы көрсөтүлүп келген. Жергиликтүү бийлик аз камсыз үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүп чыккан.

Тажикстандын каржы министринин биринчи орун басары Жамшед Каримзода бул долбоор үч пилоттук райондо ийгиликтүү ишке ашканын билдирди.

«Биз эми муну республиканын бардык аймагына жайылталы деп жатабыз. Бул үчүн бюджетте 80 миллион сомони каралган», - деди ал.

Социалдык жардам электр кубатын пайдалануу жана башка чыгымдарды компенсациялоо иретинде төрт айда бир жолу берилип турат.

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча Тажикстан калкынын 13% жакырчылыктын чегинде жашайт жана 2009-жылдан бери бул көрсөткүч дээрлик өзгөргөн эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар