16:48
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Акылбек Жапаров Баткен облусундагы 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдон тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунун Кадамжай районундагы аз камсыздандырылган 50 үй-бүлөгө 100 миң сом өлчөмүндөгү гранттарды тапшыруу аземине катышты.

Белгилей кетсек, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы социалдык жактан аяр категориядагы 100 үй-бүлөгө жардам көрсөтүү максатында инновациялык пилоттук долбоорду ишке киргизген.

Акылбек Жапаров белгилегендей, президенттин тапшырмасы менен социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү эки эсеге жогорулатылды — 2021-жылдын 1-октябрында жана ушул жылдын январынан тартып айрым жөлөкпулдар 200 пайызга көбөйтүлдү.

Анын айтымында, Баткен облусунда 14 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлө каттоодо турат, 45 миң 396 бала 810 сомдон жөлөк пул алат.

«Бул пилоттук долбоор республиканын эки районунда ишке кирди. Алынган гранттар сиздин ийгилигиңизге жана бакубат жашооңузга өбөлгө түзөт деп ишенебиз. Анда бул долбоор бүтүндөй республика боюнча ишке ашырылат. Сиздер тапшырган бизнес-пландардын арасында асыл тукум мал жана канаттууларды өстүрүү, тигүүчүлүк, ширетүүчүлүк боюнча демилгелер бар. Эң негизгиси, грант өз максатында жумшалып, бизнес-идеяңызды ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Биздин максат аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө оор турмуштук кырдаалдан чыгууга жардам берүү. Мындай долбоорлор аймактарда кичи бизнести өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жакырчылыкты кыскартууга да оң таасирин тийгизет деп ойлойбуз. Жергиликтүү бийлик органдары мындай үй-бүлөлөр менен тыгыз иштешип, аларга ар тараптуу көмөк көрсөтүүсү зарыл», — деди Акылбек Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар