Кемпир-Абад маселесине байланыштуу тергөө абагында отурган 12 айыпталуучунун мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
Ал соцтүйүндөгү билдирүүсүнө тергөө тобунун жетекчиси Улан Жапековдун токтомунун сүрөтүн тиркеген. 2023-жылдын 19-майында кол коюлган документке ылайык, кылмыш иши «Жапырт башаламандыктарга даярдык көрүү» беренеси менен козголгон. Токтомдо 12 айыпталуучунун аты-жөнү жазылган. Алар: Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Марат Баязов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Рита Карасартова, Айбек Бузурманкулов, Али Шабдан, Акыл Айтбаев, Сарылдык уулу (Шаменов) Илгиз, Азимбек Бекназаров жана Темир Махмудов.
Мындан тышкары «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалгандарга «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренеси менен да айыптар тагылган. Апта башында шектүүлөрдүн адвокаттары бул иш боюнча тергөө дээрлик аяктап калганын билдиришкен.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектин тергөө абагына камалып, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан. Азыр алардын 10дон ашыгы абакта отурат.