22:00
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Кумтөр» иши. Темир Сариев 30-сентябрга чейин камалды

«Кумтөр» ишине байланыштуу айыпталган мурдагы премьер-министр Темир Сариев 30-сентябрга чейин камалды. Баш коргоо чарасы 4-августта түндө Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Соттун алдына Сариевдин тарапкерлери, жакындары чогулуп, аны бошотууну талап кылышты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сариевди 3-августта кармаган. Ага «Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан» деген айып тагылган. Сариев Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген.

Эң көп окулган жаңылыктар