Миграцияда жүргөн кыз-келиндер ар кандай кыйынчылыктарды баштан өткөрүп, андан ары турмуш куруудан көңүлү калат. Бул тууралуу «Аял жана миграция: себептери, чакырыктар, кесепеттери» тууралуу кереге кеңеште Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова билдирди.
Депутат аялын, кызын миграцияга жөнөтүп, өзү үйдө калган эркектерди сынга алып, жумуш орун түзүү менен гана аялдардын чет өлкөгө агымын токтотуу мүмкүн экендигин билдирди.
Надира Нарматованын айтымында, кыздар чет өлкөдө ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп, андан ары үй-бүлө кургусу келбей калат.
«Миграциянын кесепетинен ата-энеси тирүү туруп жетип калган балдардын саны өсүүдө. Кыздарды акыл-эси кирип калганга чейин, 23-25 жашка чейин чет өлкөгө чыгууга тыюу салсак болот. Кээде 18 жашка чейинки кыздар миграцияга кетишет. Алардын тагдыры талкаланып жатат», — деди ал.
Кереге кеңеште депутатка Конституциялык ылайык жарандардын өлкө ичинде жана сыртында жылып жүрүүсү чектелбестиги эскертилди.

