00:04
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Рояль бич» пансионатынын 8,19 гектар жери менчикке мыйзамсыз берилген

Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жайгашкан «Рояль бич» мейманканасынын аймагындагы 8,19 гектар жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ага Ысык-Көл райондук сотунун 2015-жылы чыгарган чечими негиз болгон.

УКМКнын билдирүүсүндө, Мамлекеттик каттоо кызматынын каттоо делосунда Ысык-Көл райондук сотунун аталган токтому менен менчикке берилген жер тилкелеринин аянтында олуттуу айырмачылыктар (2,05 га) бар, б.а. сот бир иш боюнча материалдык пайда алуу максатында ар кандай өлчөмдөгү жер аянттары менен эки мыйзамсыз чечим кабыл алган.

Ысык-Көл облусунун сот органдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 42 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар