Президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келип-кетүүгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн Сиань шаарында өткөн жолугушууда билдирди.
Ал Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин зор канааттануу менен баса белгиледи. Өз ара сооданын, кытай тараптын Кыргызстандын экономикасына инвестициясынын көлөмүнүн динамикалуу өсүшү байкалууда.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда чет элдик инвесторлор менен ишкерлердин бизнес жүргүзүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн болгон аракеттер жасалып жатканына өзгөчө көңүл бурду.
Мамлекет башчысы кыргыз тараптын соода-экономика жана инвестиция чөйрөлөрүндө, билим берүү, каржы, электрондук коммерция, маданий-гуманитардык тармактар жаатында кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө лидерлер «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбооруна өзгөчө көңүл буруп, аны ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Лидерлер эки тарапты кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча тыгыз кызматташууну улантууга макулдашты.

