Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышов коррупционерлердин колун кесүүнү сунуштайт. Бул тууралуу ал бүгүн комитеттин жыйынында билдирди.
Руслан Жакышов мамлекетти уурдагандар жана анын балдары менен неберелери азыр жогорку кызматтарда иштеп жатканын айтты.
«Алар өздөрүн элита сезип алышкан. Аларды чоң кызматка дайындабаш керек. Кытайдагыдай колун кескен мыйзам иштеп чыгуу керек», — дейт ал.

