13:53
USD 87.45
EUR 102.63
RUB 1.09

Ата-Мекен баатыры жана Эмгек баатыры жаңы наамдары сунушталууда

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик жаңы наамдарды сунуштоодо. Бул тууралуу мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңештин комитеттинде каралды.

Мамлекеттик наамдар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Салиман Малдыбаеванын айтымында, «Ата-Мекен баатыры» наамын Баткенде шейит кеткендерге ыйгаруу каралууда.

«Алардын туугандары «КРнын баатыры» наамын сурашкан. Бирок, анын талаптарына жооп бербегендиктен биз жаңы наам сунуштап жатабыз. «Эрдик» наамын берели десек, ал жөн эле медаль болуп калат экен. Андыктан аны орден катары макамын көтөрүп жатабыз», — деди Салиман Малдыбаева.

Министрлик мамлекеттик сыйлыктардын катарына Эмгек сиңирген ишкер жана Эмгек баатыры наамдарын дагы кошууну сунуштады. 

Депутат Дастан Жумабеков Эмгек баатыры СССРди эске саларын белгилеп, мындай сыйлыкты уюштуруунун зарылчылдыгы жоктугун айтты. 

Эң көп окулган жаңылыктар