19:52
USD 87.45
EUR 101.67
RUB 1.12

Гүлжигит Алыкулов Казакстандын «Кайрат» футбол клубунан кетти

Улуттук курама команданын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов Казакстандын «Кайрат» футбол клубунан кетти. Бул тууралуу Алмата клубу билдирди.

Маалыматка караганда, келишим эки тараптын макулдугу менен токтотулду.

Азырынча спортчунун кайсы клубка өтөөрү белгисиз.

Гүлжигит Алыкулов 2020-жылдан бери «Кайрат» клубунда ойноп келген.

Эң көп окулган жаңылыктар