14:48
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Азиз Суракматов: Шаардын бир чарчы метр жери да берилбейт

УКМКнын коррупцияга каршы кызматы жакында эле мэриянын дагы бир кызматкерин камакка алды. Ага жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп бергендиги үчүн 2 миллион сом алган деген айып тагылууда. Буга чейин, август айында муниципалитеттин дагы бир кызматкери кармалган. Ал 8 батирди мыйзамсыз сатып жиберген. Бул кадамдар эмнеден кабар берет? Мэрияныны катарындагы «тазалоо» иштеринин башатыбы, же коррупциянын гүлдөшүбү? Бул туурасында 24.kg агенттигине каала башчысы Азиз Суракматов айтып берди.

— Соңку убакта укук коргоо органдары тарабынан кармалган мэриянын жана муниципалдык кызматтардын учурда иштеп жаткан жана иштеп кеткен кызматкерлери тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Бул сиздин колу таза эмес кызматкерлерден арылуу аракети десек болобу?

— Биз болгону мэрияга тиешелүү жерлер менен муниципалдык мүлктү алып саткан алдамчылардын ишине бөгөт коюп баштадык. Кечээ муниципалдык жерди сатууга аракет кылган бир кызматкер кармалды. Ал мэриянын эл аралык бөлүмүндө 2010-жылдан бери иштеп келген. Анын, бөлүмдүн дагы жер тилкелерин берүүгө тиешеси жок болчу. Алар 2016-жылдан бери документтерди жана башка кызматкерлердин кол тамгасын жасап жер тилкелерин сатууга аракет кылышкан. Үч жылдан бери маселени өз пайдасына чечүү аракети жүрүп, муниципалитеттин жетекчилигине чыгышып, мага да адамдар келген. Бирок, биз ага каршылык көрсөттүк. Мындан тышкары, 2018-жылы шаардык кеңеш жер тилкерин берүүгө мораторий жарыялаган. Иликтөө шылуундук схемага тиешеси бар кишилердин баарынын бетин ачат деп ойлойм.

— Бүгүнкү күнгө муниципалдык кызматкерлерине каршы канча кылмыш иши козголду?

— Өндүрүштө 740 сот иши бар, соңку тогуз ай ичинде укук коргоо органдары тарабынан мэрияга 205 акт жазылган.

Баса белгилей кетчү нерсе, биз мэриянын кызматтары, райондук администрацияларды жана мэриянын өзүн «тазалоо» процессин баштадык.

Ортомчулук, шылуундук, алып-сатарлык фактыларын укук коргоо органдары менен биргеликте катуу жазаланат.

— Мындай адамдар мэрияга кызматка албоо үчүн кандай чаралар көрүлүш керек?

— Беш кол тең эмес. Андай адамдарды жүзүнөн аңдып, биле албайсың. Адамды бир көргөндө эле жан дүйнөсүнө баа бере албайбыз да.

 Чыр-чатактардын дээрлик баары эле курулуш жана жер маселелерине байланыштуу. Сиз мэр болуп иштегениңизге бир жылдан ашты, мындай махинация жана схемаларды аныктап ала алдыңызбы?

— Чечүү аракетиндебиз. Соттор аркылуу шаарга 37 гектар жер кайтарылды.

Генералдык планды, ПДП (пландоонун такталган планы), жер тилкелерин берүүнүн так процедуралары иштеп чыкканга чейин мораторий жарыяланды. Мен иштеген мезгилден бери бир дагы чарчы метр жер берилген жок. Буга чейин, өзгөчө сейил бактарда, коомдук колдонуу жайларда жер тилкелери мыйзамсыз берилип келген. Азыр маселе каралып жатат.

Убагында жүздөгөн жер тилкелери бекер берилип, кийин сатылып кеткен.

Келечекте мындай иштерди алдын алыш үчүн, биз жер тилкелерин берүү процедурасынын системалык реформасын баштадык. Азыркы учурда иштеп жаткан көптөгөн жоболор эскирген, аларда коррупциялык коркунучтар бар. Ошондуктан жаңы нормативдик-укутук актыларды иштеп чыгуу зарыл.

Биз жер тилкелерин электрондук сатык боюнча берүүнү пландап жатабыз. Ал үчүн Бишкек шаардык кеңешине материалдарды бердик.

— Шаардык башкаруунун дагы кайсы тармактарында кемчиликтер бар? Аларды жоюу жолдору барбы?

— Көйгөй көп. Негизгилери — курулуш жана жер. Ошондой эле шаардык транспорт маселеси дагы курч.

Дүйнө жүзү коомдук транспорттун жардам менен бюджетин толтуруп, түшкөн кирешеге жаңы, чоң автобустарды сатып алып жатса, бир гана Бишкек мэриясы чыгаша тартууда!?

Азиз Суракматов
Микроавтобустарды карасаңар, ал жакта киреше бар. Анткени жеке ишкер чыгаша болбош үчүн болгон аракетин жумшайт да.

Мындан тышкары, муниципалдык мүлктү туура пайдалануудан дагы бюджетке жакшы киреше түшүрсөк болот. Учурда муниципалдык менчикти инвентаризациялоо аягына чыгып калды. Бүгүнкү күндө 2 миң 939 объект текшерилди.

Өзгөчө көңүл шаардык турак-жай коммуналдык чарбага бурулушу зарыл. Башкарууну жакшыртуу, кирешесин жогорулатуу жана заманбап коммуналдык жана атайын техникаларды сатып алыш керек. Кызматкерлердин линияга чыгышын так эсеби жүргүзүлбөйт, коммуналдык техниканын ишин санариптештирүү зарыл.

Социалдык чөйрөдөгү көптөгөн кайрылуулар жана нааразычылыктар, калкты медициналык тейлөө багытында реформа талап кылынат.

Азиз Суракматов
Мындай багыттар көп жана мамлекет башчысы шаардын жашоо-турмушунун бардык чөйрөлөрүндө ишти жакшыртуу боюнча конкреттүү милдеттерди коюууда.

— Суракматовдун жакынкы арадагы пландары кандай?

— Аба-ырайынын шарты жакшы болуп турганда биз «Чыгыш-5» кичи районунда жөө жүрүүчү аймакты көрктөндүрүп жатабыз. Ошондой эле, Түлөбердиев жана Көкчө-Тоо көчөлөрүнүн кесилишиндеги жалпы аянтты 11 гектарга жакын сейил бакты калыбына келтирүу иштерин аяктайбыз.

Түштүк магистралда — жакында эле ачылган «Ынтамак» сейил багынын чыгыш тарабында дагы бир зона боюнча даярдык иштери башталды. «Махабат» сейил багынын ордуна «Ден- соолук» сейил багын куруп жатабыз.

Суук түшкөнгө чейин Рысмендеев көчөсүн бойлой узундугу 6,6 км болгон вело жолду куруп бүтөбүз деген үмүтүбүз бар. Азыр ал жерге анча чоң эмес көпүрө куруп жатабыз. Щербаков/Боталиев көчөсүндөгү сейил бакты куруу үчүн жана Тыналиев/Ахунбаев көчөсүндөгү веложолдун курулушу боюнча тендер жарыялайбыз. Чыңгыз Айтматов атындагы эмен багы боюнча иштерди аяктайбыз.

«Көчө-жол түйүндөрүн өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашырууга даярданып жатабыз, алар боюнча КЭР гранттык каражаттарына 60 көчө реконструкцияланат.

ЕӨРБ менен автобустарды сатып алууга кредиттик-гранттык линия боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз.

Мектеп жана бакчалардын сыйымдуулугун көбөйтүү үчүн өз программабызды ишке ашыруудабыз, № 24 мектептин курулуш иши аяктаган, № 19 мектеп башталган.

«Туңгуч» кичирайонунан бала бакча курулуп, жуманын аягында № 187- кайынды кичирайонундагы балдар бакчасына куруу боюнча капсула салынат.

Пландар дагы көп, иштер дагы аз эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби