15:48
USD 87.45
EUR 102.63
RUB 1.09

Шольц: Германиянын куралы Орусияга сокку уруу үчүн колдонулбашы керек

Украина Германиядан келген куралды Орусия аймагын аткылоо үчүн колдонбошу керек. Бул тууралуу Германиянын канцлери Олаф Шольц билдирди.

Германия өкмөтүнүн башчысы Украинаны курал менен камсыз кылып жаткан башка Батыш өлкөлөрү да Киевге ушундай эле талап койгонун баса белгиледи. Шольцтун айтымында, Украина жардамга муктаж, бирок бул НАТОнун катышуусу менен уруштун курчушуна алып келбөөгө тийиш.

Кошмо Штаттар да Американын куралы Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн колдонулбашы керектигин расмий түрдө билдирген.

Германия канцлери Берлин Киевге курал жеткирүү маселелерин союздаштары менен макулдашуу аркылуу гана чечерин белгиледи.

Буга чейин Шольц жаңжалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө зарылдыгын айтып, Украинага истребителдер берилбей турганын кабарлаган.

Москва эгер Крым чабуулга алынса, куралдын бардык түрүн колдонууга даяр экенин эскертип келет.

НАТО өлкөлөрү Украинага убада кылынган аскердик техниканын 98% ашыгын жөнөтүштү. Бул тууралуу Түндүк Атлантикалык альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг кабарлады.

«Бул 1550дөн ашык брондолгон унаа, 230 танк жана башка техника, анын ичинде өтө көп ок-дарылар бар», — деп баса белгиледи ал.

Орус бийлиги НАТО Украинага курал жеткирүү менен «от менен ойноп жатканын» айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар