19:01
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Садыр Жапаров: Президент жана башка бийлик өкүлдөрү шайлоого кийлигишпейт

Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Ленин районуна болгон шайлоодо эч кимге жан тарпастыгын «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.
 
Анын айтымында, эч бир талапкерди кабыл алган жок.
 
«Кабыл албайм дагы. Биз илгерки замандагы мындай жосундарды унутушубуз керек. Саясатчылардын баары шайлоолор боюнча жаңы заман келгенин билип, сезиши керек. Ооба, мурда ошондой болчу. Президенттин батасын алмайын шайлоого аттанышпайт эле. Мындан ары кандай гана шайлоо болбосун, президент жана башка бийлик өкүлдөрү кийлигишпейт. Кимдир бирөөнү сүрөгөнгө жол бербейм. Биз жөн гана арбитр болуп беребиз. Ким утса, ошол өтсүн. Көпчүлүк эл кимди тандаса, ошол талапкер депутат болот. Мындан ары мурдагыдай айыл өкмөттөрдүн, мугалимдер менен медиктердин кайсыл бир талапкерге иштешине дагы жол бербейбиз. Иштегенин билип калсак, жоопко тартабыз», — дейт ал.
 
Президент Борбордук шайлоо комиссиясы менен бирге талапкерлердин баарын чогултуп, чогулуш өткөрүүнү пландоодо.
 
«Менин максатым — шайлоону таза, калыс, ачык өткөрүү. Ар бир талапкердин ишенимдүү адамын борбордук шайлоо штабындагы автоматташтырылган шайлоо системасына киргизип, өз көздөрү менен көзөмөлдөтүү. Адатта утулуп калган талапкерлердин «...жасап коюшту, болбосо мен көп добуш алгам...» деп, дароо кыйкырып чыкмай адаты бар эмеспи. Талапкерлер добуштарды компьютер эсептерин, адам баласы эсептегенге мүмкүн эмес экенин ишенген адамдарынын көзү менен көрүп олтурушса деген ойдомун», — дейт Садыр Жапаров.
Эң көп окулган жаңылыктар