Жазаларды аткаруу кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековго телефон чалган адамды тапты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал № 21 мекемесинде кармалып жаткан айыпталуучу экени аныкталды. Тинтүү учурунда уюлдук телефон табылган.
«Факт боюнча ЖАКтын ички иликтөө кызматы № 21 мекемесинин кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө баштады. Айыпталуучу айып изоляторуна киргизилди», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин парламенттин жыйынында Нуржигит Кадырбеков ага убактылуу кармоочу жайда отурган адам чалып, ага байланыштуу эч кандай тергөө иштери жүргүзүлбөй жатканына нааразы болгонун айткан.