02:14
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кемпир-Абад иши: алты саясатчы абакта кыйноо уланып жатканын айтышты

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги тергөө абагында жаткан саясатчылар Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров жана Жеңиш Молдокматовдун басымга кабылып жатканын айткан кайрылуусу 6-сентябрда Фейсбукка жарыяланды.

Анда алар абактын жер төлөсүндөгү караңгы, сыз камераларга которулушканын, 5-сентябрда алардын жанына башка адамдар да киргизилип, «дем алуу кыйын болуп жатканын» айтышкан.

«Жаңы киргизилген адамдардын арасында коркунучтуу оорулар менен ооруган, адам өлтүрүү менен соттолуп жаткандар бар экен. Бийлик ушундай жол менен оппозиция өкүлдөрүн жок кылууга багыт алгандай деп кабыл алып жатабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Алар Жазаларды аткаруу кызматынын «абактагыларга кыйноо жок дегени чындыкка дал келбей турганын» белгилешкен.

4-сентябрда Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасына моралдык кыйноого кабылып жатканы тууралуу билдирүүсү тараган. Ал өзү менен кошо Кубанычбек Кадыровду, Жеңиш Молдокматовду шарты өтө начар жер төлөгө которушканын айткан.

1-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун кыйноого кабылып жатканы тууралуу билдирүүсү Фейсбуктагы баракчасына чыккан. Анда Жээнбеков Эл аралык уюмдарга, Кыйноолорго каршы улуттук борборго, Акыйкатчы институтуна, укук коргоочуларга кайрылып, беш күндөн бери тинтүү болуп, сыз, муздак, эч кандай шарты жок камерага которулганын билдирген.

Жазаларды аткаруу кызматы абакта баары мыйзамда көрсөтүлгөн негизде жана тартипте кармаларын, эч кандай кыйноолорго жол берилбей турганын «Азаттыкка» билдирген.

Саясатчыларды кайрылуулары боюнча УКМК комментарий бере элек.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын адам 2022-жылы октябрда тергөө абагына киргизилип, кийин айрымдары үй камагына чыккан. Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Учурда бул иш боюнча кармалгандардын 11и абакта.

Айыпталгандар бийликти сын

Эң көп окулган жаңылыктар