04:52
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 75 кызматкеринен пневмония аныкталган

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан 1-майдан бери 33 кызматкер пневмониядан айыгып чыкты. Бүгүнкү күндө пенитенциардык тутумдун дагы 42 кызматкери амбулатордук дарыланууда. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын дарыгерлери күнүнө 150 адамды кабыл алышат. Тейлөө ооруканасында жети дарыгер жана алты медайым иштейт.

«Жалпысынан 75 кызматкерден пневмония илдети аныкталган», — деп билдирет басма сөз кызматы.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынан канча кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы тууралуу маалымат берилген жок. Алар белгилегендей, ооругандардын баарынан пневмония илдети аныкталган.

Ошондой эле камакта отургандардан, тергөөдө жүргөндөрдөн коронавирус аныкталган деген маалыматты четке кагышты.

Буга чейин парламенттин экс-депутаты Ширин Айтматова жана камакка алынган Жогорку Кеңештин мурдакы мүчөсү Равшан Жээнбековдун туугандары, № 1-тергөө абагында COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандар көп экендиги тууралуу кабарлашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар