11:53
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Казакстан реэкспортту көзөмөлдөөнү күчөтөт

Казакстан 1-апрелден тарта өлкөгө реэкспорт аркылуу кирген товарларга онлайн-көзөмөл жүргүзүү системасын колдонууну пландоодо. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жогорку кызматтагы аткаминерлерге шилтеме кылып кабарлады.

«Биз экинчи даражадагы санкцияларга байланыштуу тобокелчиликтерди түшүнүп турабыз, ошондуктан бардык өнөктөштөр менен жүргүзгөн өз ара соодага кылдат көз салабыз», — деген басылманын маектештеринин бири. Анын айтымында, Казакстан реэкспорттун тобокелдиктерин азайтуу боюнча туруктуу иш алып барат.

Казакстандын Улуттук статистика бюросунун маалыматына караганда, 2022-жылы Казакстандан Орусияга товарлардын экспорту 25% көбөйгөн.

АКШ менен Евробиримдик «Казакстан Орусияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам берип жатат» деп шек санап келет. Казак бийлиги айыптоолорду четке каккан.

Мартттын башында Казакстанга барган АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кошмо Штаттар санкциялар Орусиянын коңшуларына кандай таасирин тийгизип жатканына тыкыр көз саларын айтып, казак компаниялары орус бизнеси менен байланышуудан оолак болушу керектигин эскерткен. Казакстандын ТИМ башчысы бийлик үчүн эки өлкө ортосундагы соода жараяндарын башкаруу өтө татаал экенин мойнуна алган.

Евростаттын маалыматына караганда, санкциялар киргизилгенден кийин — 2022-жылдын март айынан ноябрь айына чейин Европадан Орусияга экспорт мурдагы жылдын ушул мезгилине караганда 47% төмөндөгөн. Ошол эле маалда Европа товарларынын Орусияга коңшулаш жайгашкан өлкөлөргө — Беларус, Армения, Казакстан, Грузия, Өзбекстан жана Кыргызстанга экспорту 48% өскөн.

Эң көп окулган жаңылыктар