01:22
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамсыз куруу фактылары аныкталды

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамсыз куруу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын, ошондой эле Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү, турак жайларды куруу процессинде аткарылган иштердин техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына ылайык келүүсү боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү жүргүзүлбөгөндүгү аныкталды.

«Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, «шаар куруу жана архитектура объекттери бекемдиктин, сейсмикалык туруктуулуктун, туруктуулуктун, коопсуздуктун, өндүрүштүктүн белгиленген талаптарына, ошондой эле инженердик-техникалык, инженердик-транспорттук инфраструктура жана инженердик жабдуулар менен камсыз болуунун деңгээлине жооп берүүгө тийиш».

Бирок, жогоруда аталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын долбоордук-сметалык документтерге берилүүчү экспертизанын оң корутундусу жок объекттерди көзөмөлсүз жана уруксатсыз курууга жол беришкен.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар