19:35
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Баткенде күзүндө бузулган үйлөрдүн 416сы бүттү

Баткен облусунда Тажикстандын кол салуусунда бузулган 417 үйдүн 416сы бүттү. Бул тууралуу Минкаб билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Сай айылында бир эле үй бүтө элек. Аны эки күндө бүткөрүү убадаланды.

Белгилей кетсек, үйлөрдү курууга республикалык бюджеттен 1,3 миллиард сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Үйдун курулушун «Аманат строй инвест» компаниясы колго алган.

Кечээ парламентте депутат Тазабек Икрамов «Аманат строй инвест» баткендик ишкерлерден 19,6 миллион сомго сатып алган курулуш материалдарынын акчасын бербей келе жатканын билдирди.

2022-жылдын 16-сентябрь айында Баткенге болгон салуудан жабыркагандарга жардам иретинде Министрлер кабинети ачкан эсепке элден 349 миллион 316 миң сом топтолгон.

Эң көп окулган жаңылыктар