21:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Барса» академиясы Бишкекте Аалы Токомбаев көчөсүндө курулат

Бишкекте «Барселона» футбол академиясынын курулушу башталат. Ал борбор шаардын түштүк тарабындагы Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашат

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, «Барселона» клубунун башчысы Жоан Лапорта жана Борбор Азия мамлекеттеринин футбол федерацияларынын жетекчилери катышты.

Садыр Жапаров Ошто дагы ушундай эле объект курулуп жатканын жана бул кыргыз эли үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

Жоан Лапорта Кыргызстанга келгенине кубанычта болгонун айтып, президентке жана курулушка катышып жаткандарга ыраазычылык билдирди. «Борбор Азия үчүн бул эң масштабдуу иш-чара. Бул чоң майрам», — деп академиянын курулушуна комментарий берди.

Эске салсак, бүгүн саат 20:00дө Бишкектеги «Спартак» стадионунда «Барселона» клубунун айтылуу футболисттери менен достук оюну өтөт. Садыр жапаров дагы бул оюнга катышат. Көпчүлүк күйөрмандар Роналдиньонун дагы келишин күтүшкөн, бирок спортчу ага каршы жүрүп жаткан соттук териштирүүлөргө байланыштуу Бразилиядан чыгарылган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар