04:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда шаарда жашагандардын саны өсүүдө

Кыргызстандын калкынын 2 миллион 408 миңи шаарларда жашашат.  Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 4 миллион 528 миң адам айылда турат.

2009-жылдагы каттоодон кийин өткөн он үч жылдын ичинде республиканын туруктуу калкынын саны 1 миллион 573,4 миң адамга же 29,3 пайызга, анын ичинде шаар калкынын саны - 581 миң адамга, же 31,8 пайызга, айыл калкынын саны - 992,3 миң адамга же 28,1 пайызга көбөйдү.

Эң көп окулган жаңылыктар